Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абазбекова: жарандын майыптыгын аныкташ үчүн төрт документ керектелет

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Центра медико-социальной экспертизы и реабилитации инвалидов Минтруда и соцразвития КР Кымбат Абазбекова
Директор Центра медико-социальной экспертизы и реабилитации инвалидов Минтруда и соцразвития КР Кымбат Абазбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык социалдык экспертизалоо борборунун методология бөлүмүнүн башчысы Кымбат Абазбекова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын басымдуу бөлүгү майыптыгын аныктоочу жол-жобону билбей тургандыгын айтты.
Абазбекова: жарандын майыптыгын аныкташ үчүн төрт документ керектелет

Ден соолугуна байланыштуу ишке жарамсыз адамдардын майыптыгын аныкташ үчүн болгону төрт документ керектелет. Бул тууралу Кымбат Абазбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Республикалык медициналык социалдык экспертизалоо борборуна тийиштүү документтер өткөрүлгөндөн кийин 18 жаштан жогорку курактагы жарандар майыптыгына жараша топторго бөлүнөт.

"Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айрым жарандар майыптыгын аныктоочу кандай документтерди топтоо керектигин билишпейт. Өзгөчө айыл жергесиндегилер муну татаал деп ойлошот. Бирок ал үчүн болгону төрт документ керек. Алар паспорт, аймактык МСЭК (медициналык социалдык экспертизалоо комиссиясы) тарабынан берилген справка, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан бериле турчу "Форма-88" деген жолдомо жана амбулатордук карта. Белгилей кетсем, "Форма-88" жолдомосу эң негизги документ болуп эсептелет. Бул кагаздар Республикалык медициналык социалдык экспертизалоо борборуна тапшырылат. Андан соң 18 жаштан жогорку курактагы жарандар майыптыгына жараша топторго бөлүнөт", — деди бөлүм башчы.

Ал ошондой эле 2019-жылдын 1-январына карата алынган расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 186700 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экендигин айтты. Алардын 29800ү - жашы жете элек балдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0