Устатшакирт Плюс коомдук фондунун көркөм жетекчиси, Кыргызcтандын эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов

Нышанов: чыңыроон кыргыздын байыркы аспабы

46
"Устатшакирт Плюс" коомдук фондунун көркөм жетекчиси, Кыргызcтандын эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов улуттук музыкалык аспаптарды калыбына келтирүүдө "Манас" эпосунун жардамы чоң экендигин белгиледи.

Чыңыроон — учурда колдонулбай калган кыргыздын байыркы музыкалык аспабы. Аны эки жыл бою тынымсыз изилдеп, жасап, күүгө келтирдим. Бул тууралуу Нурланбек Нышанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыңыроон "Манас" эпосунда аскердик музыкалык аспап катары кенен баяндалат.

"Советтер Союзу маалында, тилекке каршы, үч гана аспап терең иликтөөгө алынып, китеп беттерине түшүп калган. Алар комуз, ооз комуз жана кыл кыяк. Башка кыргыздын музыкалык аспаптары тууралуу маалыматтарды көбүн эсе "Манас" эпосунан алабыз. Ошондой инструменттердин бири "чыңыроон" деп аталат. Аны эки жыл изилдеп отуруп, жезден жасалган, сурнай сыяктуу үйлөмө аспап экенин аныктадым. Башкача айтканда, гобой тибине кирген аспап деп классификацияласак да болот. Ал тууралуу маалыматты эпостон алып, башка да булактарга таянуу менен жасап чыккан соң, күүсүн Кыргыз радиосунун алтын казынасынан таптык. Кыргыз музыкасынын дагы бир өзгөчөлүгү - бир аспапка түшкөн күүнү башка инструментке салып черте беришкен. Мына ушундай чыңыроон күүсү кыл кыякта чертилип, сакталып калган экен. Аны өзүм жасап чыккан чыңыроонго салып, күүгө келтирип көрдүк. Жыйынтыгы кубантарлык болду", — деди Нышанов.

Музыкант илгерки кыргыздар чыңыроонду аскерлердин духун көтөрүүдө же бир маанилүү жыйынга чакырык таштоодо колдонушканын кошумчалады.

46
Белгилер:
улуттук музыкалык аспаптар, аспап
Тема боюнча
Манасчы: "таарынсаң Таласка бар" деген сөз "Манас" эпосунан калган