Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ырысов: быйыл Мамлекеттик медициналык академиянын 80 жылдыгы белгиленет

© SputnikИса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов. Архив
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору, профессор Кеңешбек Ырысов окуу жайдын мааракесин өткөрүүгө мамлекеттен каражат каралбагандыгын айтты.
Ырысов: быйыл Мамлекеттик медициналык академиянын 80 жылдыгы белгиленет

1939-жылы апрель айында өкмөттүн токтому менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институту ачылган. Ошол эле жылдын сентябрь айынан тарта студенттерди кабыл алып, окутуу башталган. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгачкы окутуучулар курамы Харьков шаарынан келген.

"Быйыл Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иштеп жатканына 80 жыл толот. Мындай мааракелүү датаны окуу жай жалпы коомчулук менен чогуу өткөрүүгө кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Учурда бак-дарактарды отургузуу, академиянын айланасын тазалоо, актап, сырдоо иштери башталды. Мааракенин каржы багытын камсыздоо максатында атайын марафон уюштурдук. Андан түшкөн акчага окуу жайга заманбап конференция залы курулууда. Мындан сырткары, атайын түзүлгөн жумушчу топ окуу жайдын профессорлору, эмгеги сиңген окутуучулары тууралуу тарыхый очерктерди жазуу жана китеп басып чыгаруу иштерин жасоодо", — деди профессор.

Ырысов иш-чараны өткөрүү октябрь айына пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0