КР эмгек сиңирген артисти, Кыргыздын салттуу музыкасы фондусунун төрагасы Азамат Болгонбаев

Болгонбаев: 20-25-апрель аралыгында салттуу музыка жумалыгы өтөт

42
КР эмгек сиңирген артисти, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондусунун төрагасы Азамат Болгонбаев 20-25-апрель күндөрү Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөрүн айтты.

15 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан салттуу музыка жумалыгы кыргыз элинин манасчылык, дастанчылык, ырчылык, төкмөчүлүк өңдүү улуттук өнөрүн илимий жаатта өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, белгиленген иш-чара катышуучуларга руханий азык берип, эргүү тартуулайт.

"20-25-апрель аралыгында Бишкек шаарында салттуу музыка фонду уюштурган жумалык өткөрүлөт. 2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан токтом чыгарылып, "25-апрель -салттуу музыка күнү" деп белгиленген. Ошондон бери улуттук өнөрлөрдүн ар бирине бирден күндү арнаган жумалык уюштурулуп келет. Быйыл өтүүчү иш-чараларга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин да колдоосу чоң болууда. Жумалыктын алкагында тегерек стол, мастер-класстар өткөрүлүп, илимий лекциялар окулуп, соңунда 25-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтында гала концерт тартууланат", — деди уюштуруучу.

Ошондой эле ал салттуу музыканы жайылтуу багытында фонд тарабынан окуу программасын иштеп чыгуу пландары бар экендигин кошумчалады.

42
Белгилер:
иш-чаралар, жумалык, музыка, Азамат Болгонбаев