Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зулушев: башкаруу системасын аныктап алмайын Кыргызстан өнүкпөйт

© Sputnik / Досхан НусупбековДепутат ЖК Курманкул Зулушев
Депутат ЖК Курманкул Зулушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев өлкө парламенттик башкарууга толук кандуу өтмөйүн экономикалык өсүш болбойт деген пикирин билдирди.
Зулушев: башкаруу системасын аныктап алмайын Кыргызстан өнүкпөйт

Көпчүлүк өлкө парламенттик-президенттик башкарууда иш алып барууда деп ойлошот. Бирок учурда президенттик-парламенттик башкаруу өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу Курманкул Зулушев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кыргыз парламенти мүмкүнчүлүктөрү бар туруп президенттен көз каранды. Алсыздыгын көрсөтүүдө.

"Өлкөдө толук кандуу парламенттик башкаруу болгондо гана экономикалык өсүш болот. Анткени Жогорку Кеңеште канча депутат болсо, ошончо көз караш бар. Биринин туура эмес жасаган ишин экинчиси ачыктап отуруп, коррупцияга бөгөт коюлат. Бирок ал үчүн парламент күчтүү болушу керек. Учурдагы парламент мыйзам жүзүндө мындай мүмкүнчүлүктөрү бар туруп колдоно албай, өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө. Коомчулук өлкө парламенттик-президенттик башкаруу жолунда баратат деп ойлойт. Иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу жүрүүдө. Андыктан, Кыргызстан өзүнүн башкаруу системасын так аныктап, президенттик башкарууга өтсө, премьер-министр деген кызматты жоюп же толук кандуу парламенттик башкарууга жол бериш керек. Башкача айтканда, чечимди кабыл алган тарап жоопту да тартышы зарыл", — деди Зулушев.

Ал жеке өзү өлкө парламенттик гана башкаруу жолун тандап алышын каалагандардын катарында экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0