Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сейдалиев: түтүк жарылганда крандагы суудан кум-таштар чыгышы мүмкүн

© Sputnik / Эркин СадыковЗаместитель начальника ПЭУ "Бишкекводоканал" Мурадин Сейдалиев
Заместитель начальника ПЭУ Бишкекводоканал Мурадин Сейдалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиев көп кабаттуу үйлөрдөгү суудан кум-таштар чыгып жатса, шаар тургундары аталган ишканага кайрылышы керектигин айтты.
Сейдалиев: түтүк жарылганда крандагы суудан кум-таштар чыгышы мүмкүн

Суу аккан түтүктөр ар кандай кырдаалдан улам жарылып, үйдөн чыккан сууга кум-таштар аралашып кетиши мүмкүн. Мындай учурда "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасына тез арада билдириши керек. Бул тууралуу Мурадин Сейдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алар түтүктөрдү тазалап берүүгө даяр.

"Көп кабаттуу үйлөрдөгү крандан аккан сууга ар кандай кырдаалдан улам кум-таштар кошулуп кетиши мүмкүн. Кум ден соолукка чоң зыян келтирет деп айта албайм. Сууну тазалаш үчүн хлор колдонуп келебиз. Анткени түтүктөр жарылганда же насостор сууну тартканда кумдар пайда болуп калышы мүмкүн. Ошондой учур жаралса бизге кайрылыш керек. Биз түтүктөрдү тазалап беребиз", — деди Сейдалиев.

Ал суу маселелери боюнча аталган ишканага бир күндө 200-300 жаран кайрыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0