Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Болотбеков: хоккейге баланы төрт жашынан баштап үйрөткөн жакшы

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент федерации хоккея Элзар Болотбеков
Вице-президент федерации хоккея Элзар Болотбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков өлкөдө аталган спорт түрү кыска убакытта өнүгүү жолуна түшкөнүн айтты.
Болотбеков: хоккейге баланы төрт жашынан баштап үйрөткөн жакшы

Баланы төрт жашынан баштап конькиге тургузуп, хоккейге үйрөткөн жакшы. Ошондо булчуңдары туура өсүп, калыптанат. Бул тууралуу Элзар Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, машыктыруучу өзү 29 жашында алгачкы жолу хоккей талаасына чыккан.

"Балдарга хоккей ойноого үйрөтүүнү тыңыраак басып калган кезинен эле баштай бериш керек. Бул курак төрт жашка туура келет. Ал өз алдынча конькиге туруп, муз үстүндө өзүн алып жүрүүнү, коопсуздук жаатын үйрөнөт. Баланын жөндөмүнө карап бир нече убакыттан кийин машыктыруучулар хоккейди үйрөтө баштайт. Мен өзүм хоккейге 29 жашымда келдим. Ага чейин футбол ойночумун. Нарын командасынын дарбазачысы колун сындырып алып, оюнга мени кошуп коюшкан. Баштапкы оюндарда жыгылсам тура албай, абдан кыйналгам. Хоккейчилер келип тургузуп коюшчу. 31 жашка чыкканда биринчи ирет Кыргызстандын курама командасында дарбазачы болгом. Анткени ал кезде өлкөдө бул спорттун түрү азыркыдай жолго салына элек эле. Ошодуктан кичинекей кезибизден хоккейди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү да жок болчу", — деди Болотбеков.

Ал баланын кызыгуусу күч болсо төрт жашынан кийин да үйрөнүп алса болорун, мындай учурда бардыгы машыктыруучудан көз каранды экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0