Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: чакан тоо-кен казып алуу иштерин тартипке салыш керек

55
(жаңыланган 15:13 17.04.2019)
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов чакан тоо-кен тармагында иштеген ишкерлердин саны көп экенин, бирок көбү көмүскөдө жүргөнүн айтты.

Чакан тоо-кен казып алуу иштерин бир тартипке келтириш керек. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чакан тоо-кен ишмердигин жүргүзгөн ишканаларды үчкө бөлүү зарыл.

"Кыргызстанда чакан тоо-кен ишмердигинин өнүкпөй жатышы эң орчундуу маселелердин бири. Аны өнүктүрүш үчүн эң биринчи кезекте бул жаатта иш алып барган ишканаларды үчкө бөлүп караш керек. Болбосо кичи ишканалар да чоң ишканаларга тиешелүү документтерди толтурууга тийиш болуп калууда. Кичи, орто жана чоң ишкана деп бөлүп, алардын ар биринин ишмердүүлүгү өз алдынча каралышы керек", — деди Акматов.

Ал өлкөнүн экономикасынын жүрөгү бизнес болгондуктан, бул тармакка олуттуу мамиле жасалышы зарылдыгын кошумчалады.

55
Белгилер:
экономика, ишкердик, тоо-кен өнөр жайы
Тема боюнча
Энергетика жана тоо-кен тармагын башкаргандар премьердин каарына калды