Агроном Бактыгүл Аскералиева

Аскералиева: дыйкандар жерди туура иштете албай жатышат

102
Агроном Бактыгүл Аскералиева жергиликтүү айыл чарба азыктарынын сапаты төмөн болгондуктан баасы арзан болуп, эл аралык талаптарга жооп бербей жаткандыгын айтты.

Фермерлер жер семирткич, зыянкечтерге каршы дары-дармектерди туура эмес колдонушууда. Маалыматтын жоктугунан жана билимдин жетишсиздигинен улам дыйкандар жерди талаптагыдай иштете албай жатышат. Бул тууралуу Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер иштетүүнүн алдында эгиле турчу өсүмдүк тууралуу маалымат топтоп, аны өстүрүү жол-жоболорун так билүү зарыл.

"Чет өлкөлүк дыйкандар жер иштетүүдө статистикалык маалыматы көп колдонушат. Өсүмдүктү эгүү алдында биринчиден импорт менен экспорттун көлөмүнө мониторинг жүргүзүлүшү керек. Анткени өндүрүлгөн айыл чарба азыгын сатуу маселеси бар. Андан сырткары, өсүмдүккө залалын тийгизе турчу зыянкечтер, оорулар эске алынып, колдонула турчу жер семирткич жана дары-дармектердин көлөмү аныкталат. Бул багытта изилдөөлөр жүрүп, маалымат топтолгондон кийин тийиштүү мекемелер тарабынан дыйкандарды маалымдоо иш-аракеттери көрүлөт. Бизде болсо мындай ыкма жок. Дыйкандар өз алдынча жер иштетип келишүүдө. Кайсы бир айыл чарба азыгынын баасы чыкса, дароо ошол өсүмдүктү эгүүгө өтүшөт. Бул атаандаштыкты пайда кылып, баанын төмөндөшүнө алып келүүдө. Мындай учурда дыйкандар чыгымга учурап калат. Бул көрүнүштү алдын алуу үчүн фермерлер сөзсүз түрдө билим алышы керек. Ошондой эле маалымдоо аракеттерин күчөтүү абзел", — деди агроном.

Ошондой эле ал Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары эл аралык талаптарга жооп бербей жаткандыгын кошумчалады.

102
Белгилер:
агроном, дыйкан, айыл чарба
Тема боюнча
Ниязбекова: өкмөт дыйкандар менен министрликти душман кылып салды