Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаев: Бишкектин камера коюлган көчөлөрүндө кырсык 50 пайызга азайды

© Sputnik / Досхан НусупбековГлава отдела центра мониторинга обеспечения информации Токомбай Исаев
Глава отдела центра мониторинга обеспечения информации Токомбай Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мониторинг борборунун маалымат жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Токомбай Исаев видео көзөмөлдөө орнотулгандан тартып борбор калаада адамды коюп кетүү кырсыктары азайгандыгын айтты.
Исаев: Бишкектин камера коюлган көчөлөрүндө кырсык 50 пайызга азайды

Жол кыймылын көзөмөлдөөчү камералар коюлгандан баштап айдоочулардын маданияты жогорулады. Бул тууралуу Токомбай Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден баштап, жол кырсыктары 50 пайызга азайган.

"Жол кырсыктары камера коюлган жерлерде кескин азайды. Мисалы, мурда бир ай аралыгында 10-11 адамдын кырсыкка кабылуусу катталса, быйылкы жылы ушул эле убакытта 5-6 адам жабыр тартканы белгилүү болду. Өкүнүчтүүсү — кырсык көзөмөлү бар көчөлөрдө гана азайып жатат. Бишкектин башка жерлеринде айдоочулар мурдагыдай эле маданиятсыздыгын көрсөтүп, жол эрежелерин көп учурда сактабай келишет", — деди Исаев.

Ал негизинен белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган учурлар көп катталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0