Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат: экс-президенттин кылмышы аныкталса, акыйнек айтыштырбай камаш керек

© Sputnik / Досхан Нусупбеков"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев. Архив
Республика — Ата Журт фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев экс-президент макамына ээ болгон мурдагы өлкө башчылары эл алкышына ээ болуп, эс алып отурушу керектигин айтты.
Депутат: экс-президенттин кылмышы аныкталса акыйнек айтыштырбай камаш керек

Эгер экс-президент макамындагы адамдын президент кезиндеги кылмышы аныкталса, аны акыйнек айтыштырбай камаш керек. Мындай пикирин эл өкүлү Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Экс-президент менен иштеп жаткан президентти жараштырыш керек деген пикирлерге мен кошулбайм. Кылмыш кылып, бирок жарашып алса, кылмышы кечирилип кетеби? Кылмыш кылбаган адамдын эл алдында жүзү жарык, аны эч ким жоопко тарта албайт", — деди Зулушев.

Анын айтымында, ар бир жаран жасаган кылмышы аныкталса, жазасын тартышы зарыл. Ошондо гана өлкөдө демократия жолунда экономикалык өсүш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0