Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдрахманов: дарылоонун жаңы ыкмаларын колдонобуз

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Кытай өкмөтү курган шаардык оорукананын башкы дарыгери Шайитбек Абдрахманов
Ош шаарындагы Кытай өкмөтү курган шаардык оорукананын башкы дарыгери Шайитбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Кытай өкмөтү курган шаардык оорукананын башкы дарыгери Шайитбек Абдрахманов курулуш иштерине 25 миллион 800 миң АКШ доллары сарпталгандыгын жана каражатты Кытай өкмөтү Кыргызстанга грант түрүндө бергенин айтты.
Абдрахманов: дарылоонун жаңы ыкмаларын колдонобуз

Аталган оорукана Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда жайгашып, амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана администрациялык бөлүмдөргө бөлүнгөн. Бул тууралуу Шайитбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун жергиликтүү кабарчысы менен маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардык оорукана медициналык заманбап гастроскоп, лапароскоп, колоноскоп, эхокардиография сыяктуу аппараттар менен жабдылган.

"Бул аппараттарды иштетүү боюнча медицина кызматкерлери чет өлкөлөрдөн окуп келишти. Быйыл да дарыгерлерди Кытайга окууга жиберүү боюнча учурда Кытай элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология жана нейрохирургия бөлүмдөрү бар. Бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын колдонуп, алардын айыгышы үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Дарыгерлер, медайымдар жана кичи медкызматкерлер болуп, жалпы 356 кызматкер иштейт", — деди Абдрахманов.

Ал Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имаратына калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү жайгаштырыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0