Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Океева: атам унутулуп баратат, жада калса Бишкекте эстелиги жок

© Sputnik / Асель АкматалиеваДочь кинорежиссера Толомуша Океева Азиза Океева
Дочь кинорежиссера Толомуша Океева Азиза Океева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева мамлекет тарабынан атасынын эмгеги татыктуу бааланбай, кинематографисттин жаркын элесин сактап калуу аракеттери көрүлбөй жаткандыгын айтты.
Океева: атам унутулуп баратат, жада калса Бишкекте эстелиги жок

Төлөмүш Океев унутулуп бараткан инсандардын катарына кирет. Бишкекте анын жада калса эстелиги жок. Бул тууралуу Азиза Океева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" аттуу берүүсүндө маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда режиссердун кинопленкага тарткан тасмалары жок. Алар Россиянын киноархивинде сакталуу.

"Таң калам. Азыркы заманда элдер унутчаак болуп калышты. Атамды да, анын эмгегин да эстен чыгарып баратышат. Жаштарды айтпай эле коеюн. Бишкекте Төлөмүш Океевдин же музейи, же эстелиги жок. Бул жүрүш менен атам унутулуп калабы деп ойлойм. Мындайда мамлекеттик колдоо болушу керек. Кыргызстанда Океевдин кинопленкага тарткан тасмалары жок. Биз аны "Төлөмүш Океев" атындагы фонд аркылуу Россиядан санарипке өткөрүп, дисктерге жаздырып келдик. Бирок алардын баары орус тилинде. Тасмалардын баарын кыргызчага которуш керек. Алар коомчулукка жеткиликтүү болууга тийиш", — деди Океева.

Ошондой эле ал учурда атасынын сүрөт көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде өтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0