Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малабек уулу: кардарлар насыялык таржымалдын маанисин түшүнө беришпейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКоммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу банктан насыя алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Малабек уулу: кардарлар насыялык таржымалдын маанисин түшүнө беришпейт

Кардарлар кредит алууда көп учурда насыялык таржымалына көңүл бура беришпейт. Бирок бардык документтери туура болсо да насыялык таржымалын жакшы сактабагандыгына байланыштуу банк карыз берүүдөн баш тартып коюусу мүмкүн. Бул тууралуу Мирлан Малабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банктан насыя алган кардар көрсөтүлгөн күндөн бир күн да кечиктирбей төлөп туруусу өтө маанилүү.

"Кардарлар кредит алганы келгенде талап кылынган документтер топтому бар. Бирок алардын ичинен банк үчүн маанилүүсү — мурда алган насыяларын кандай шартта төлөгөндүгү. Башкача айтканда, насыялык таржымалы. Эгер насыясын ар айдын биринчи күнүндө төлөшү керек болсо, андан бир күн да кечиктирүүгө болбойт. Мындай аракеттер кардарды жоопкерчиликсиз адам катары сыпаттап, насыялык таржымалында сакталып калат. Алган карызын ийгиликтүү төлөп бүтүп, дагы башка насыя алганга аракет кылган кезде насыялык таржымалы каралат. Төлөм жүргүзүүнү кечиктирген учурлары көп болсо, банк эч нерсеге карабай баш тартып коюшу мүмкүн", — деди адис.

Ошондой эле ал кардарларды насыя алууда шашпай, бардык шарттарын дыкат окуп чыгып, маалымат топтоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0