Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова

Банк адиси ипотека алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты

598
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова "ипотека" термини түз которгондо "тирөөч" дегенди түшүндүрөрүн айтты.
Банк адиси ипотека алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты

"Ипотека" термини болжол менен биздин заманга чейинки VI кылымда байыркы Грецияда пайда болгон. Бул тууралуу Назгүл Маткаримова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде  маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ипотекалык карызды бир гана даяр үй, батир алууга эмес, курулуш жүргүзүү үчүн да алса болот.

"Ипотека үй же батир сатып алууга берилет. Учурда даяр тамды сатып алууга эмес, жаңыдан курулуш жасоого да берилип калды. Мурда мындай эмес болчу. Кардар ипотекага ошол турак жайдын баасына жетерлик суммада насыя алат да, кайра эле сатып алган үйүн күрөөгө коет. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктарда ипотеканын ар кандай түрлөрү сунушталат. Үй алуу үчүн насыя алууда кардардын төлөө жөндөмдүүлүгү маанилүү болуп эсептелет", — деди адис.

Ошондой эле ал ипотека алуу үчүн кардарлардын банктардан мурда алган насыяларынын таржымалы дыкат текшерилерин кошумчалады.

598
Белгилер:
эреже, ипотекалык насыя
Тема боюнча
Малабек уулу: кардарлар насыялык таржымалдын маанисин түшүнө беришпейт
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев. Архив

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

191
(жаңыланган 18:42 07.08.2020)
Дарыгер-офтальмолог Өмүрбек Жолдошев коронавирустун симптомдорунун бири конъюнктивит, тактап айтканда, көздүн кызаруусу экенин айтты.

Коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар. Ошондуктан дарыгерлер коргонуучу көз айнектерди кийип иштешет. Бул тууралуу Өмүрбек Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жолдошев: коронавирус көз аркылуу жугат деген божомолдор бар

Анын айтымында, бул илдет адамдан адамга, бир көздөн экинчи көзгө жугушу мүмкүн.

"Коронавирустун көзгө тийгизген таасири конъюнктивит деген оору аркылуу билинет. Конъюнктивит – бул көздүн сыртындагы жука чел. Ал көздүн кургашынан же кандайдыр бир соккудан сактап турат. Адамга COVID-19 жукканда сезгенип, кызарып, кычышып, көздөн ириң сыяктуу суюктук дагы агышы мүмкүн. Бирок бул адамдын көрүүсүнө же көздөгү эң маанилүү органдарга терс таасирин тийгизбейт. Ошол эле учурда коронавирус көз аркылуу жугат деген ыктымалдуулук бар. Мындан улам дарыгерлер иштеп жатканда бет кап же коргоочу көз айнектерди колдонушат. Божомол боюнча жөтөлгөндө же сүйлөгөндө ооздон чыккан шилекей чачырап вирустар көздүн сыртындагы жука чел кабыкка жабышып, организмге кирип кетиши мүмкүн", — деди Жолдошев.

Чылым чеккендер коронавирусту жеңил көтөрөбү? Пульмонологдун жообу

Дарыгер конъюнктивит коронавирустун эле эмес башка да көптөгөн оорулардын симптому болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

191
Белгилер:
симптом, коронавирус, көз
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия COVID-19га каршы вакцинаны ноябрда өндүрө баштайт
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив

Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

56
(жаңыланган 13:52 07.08.2020)
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев аталган аймактагы оруп-жыюу иштери боюнча айтып берди.
Жылкыбаев: быйыл Ош облусунда 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген

Быйыл жалпысынан 41500 гектарга кылкандуу дан эгиндери себилген. Учурда оруп-жыюу иштери аяктап калды. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, облуста буудай, арпанын түшүмдүүлүгү былтыркыдай эле деңгээлде.

"Февраль айында коронавирусту Кыргызстанга киргизбөө чараларын көрүү жана инфекция республикада катталып калган учурда азык-түлүк тартыштыгын алдын алуу боюнча өкмөттө жыйын болгон. Ошол жерден аймактарга кылкандуу дан эгиндерин жылдагыдан көбүрөөк себүү тапшырмасы берилген. Биз бул тапшырманы дыйкандарга түшүндүрүп, сунуш киргизгенбиз. Жыйынтыгында быйыл жалпысынан 41500 гектар жерге арпа, буудай себилген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4000 гектарга көп. Анын 27000дей гектары буудай, калганы арпа. Буудайдын түшүмү былтыркыдай эле болууда, андыктан салыштырмалуу 5500 тоннага көп жыйналды. Ал эми арпаныкы бир аз төмөнүрөөк, бирок аянтынын көптүгүнө карап, тартыштык жаралбайт деп ойлойм", — деди Жылкыбаев.

Аткаминер аталган облуста айдап-себүү жана оруп-жыюу иштеринде көйгөйлөр жаралбагандыгын, сугат маселелеринде гана бир аз тартыштык болгонун кошумчалады.

56
Белгилер:
түшүм, Буудай, Узарбек Жылкыбаев
Тема боюнча
Жээнбеков: экономикалык кыйынчылыктар элге таза суу жеткирүүгө тоскоол болбойт
Медициналык кызматкер коронавируска тест өткөрүп турган учурда. Архив

Башкы пульмонолог: коронавирусту кайра жуктуруп алам деп коркпогула

0
(жаңыланган 12:40 08.08.2020)
Адис коронавирустан кийин адамдын организми узагыраак убакытта калыбына келерин айтты. Ал учурда кээ бирөөлөр оорудан айыкпай калдым же кайра жукту деп ойлошу мүмкүн экен.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Коронавирустан ооруп айыккандан кийин аны кайра жуктуруп алам деп коркпош керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев айтып берди.

Ал брифинг учурунда бейтаптар арасында маанилүү болуп жаткан суроолорго токтолду.

"COVID-19 менен ооруган адамда иммунитет пайда болгондуктан экинчи ирет жуктуруп алат деген далил азырынча жок. Иммундук система көпкө чейин сакталышы мүмкүн деген божомол бар. Коронавирус инфекциясынан дарыланып бүткөндөн кийин, тагыраагы, эки жумадан соң ал башкаларга жугушу мүмкүн эмес", — деди Сооронбаев.

Бейтапты дарылайм деп... Дагы 10 ак халатчан вирус жуктуруп алды

Бирок өпкө дарыгери айрым бейтаптарда симптомдор бир нече айга чейин сакталышы мүмкүндүгүн айтты. Аны кээ бирөөлөр оорудан айыкпай калдым же оору кайра жукту деп ойлошот.

"Коронавирустан кийин ден соолуктун толук калыбына келиши бир топ убакытты алат. Бат чарчоо, алсыздык, дем алуунун оорлогону сезилет. Ички органдарда өзгөрүүлөр байкалат, бөтөнчө өпкөнүн кан-тамырлары, ткандары көптө өзүнө келет. Мындай убакта адам өзүн жакшы караш керек, же болбосо абалы кыйындаса Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же тармактык адистерге кайрылышы шарт", — деди адис.

Ошондой эле профессор элди ар кайсы кеңешти угуп, өз алдынча дарыланбоого чакырды.

0
Белгилер:
оору, пульмонолог, өпкө, коронавирус, Талант Сооронбаев
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт