Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулмендеев: 26-апрелде "Ак илбирс" сыйлыгы өз ээлерин табат

© Sputnik / Асель АкматалиеваПредседатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев
Председатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири Таалайбек Кулмендеев аталган иш-чара кино дүйнөсүндө эмгектенген адамдарга стимул берүү максатында уюштурулуп келерин айтты.
Кулмендеев: 26-апрелде "Ак илбирс" сыйлыгы өз ээлерин табат

"Ак илбирс" улуттук киносыйлыгы 26-апрелде "Манас" кинотеатрында сегизинчи жолу өтөт. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарада 12 номинация боюнча мыктылар аныкталат.

"Киносыйлык кыргыз киносунун бирден-бир сыйлыгы жана сыймыгы болуп эсептелет. "Ак илбирс" кино чөйрөсүндөгү, өзгөчө жаш кино жаратмандарга дем-күч берүү максатында негизделген. Анда 12 номинация боюнча өз кесибинин алдыңкылары аныкталат. Андан сырткары, жанрдык багытта тасмалардын мыктылары белгилүү болот. Ошондой эле дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн Кыргызстандан жана чет өлкөдөн кесиптештерибиз сыйланмакчы. Бул жылы бизден "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын атайын байгеси менен "Дүйнөлүк кинематографияга салым кошуу" номинациясы боюнча КР эл артисти, кинооператор Манасбек Мусаев сыйланат", — деди Кулмендеев.

Ал аталган киносыйлыкка 2015-жылдан бери Борбордук Азиянын алкагындагы да номинациялар каралып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0