Алыкул Осмонов атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, драматург Бурул Калчабаева

Калчабаева: балдар адабиятын өнүктүрүш үчүн мамлекеттик колдоо керек

49
Алыкул Осмонов атындагы эл аралык адабий сыйлыктын лауреаты, драматург Бурул Калчабаева учурда балдар адабияты өнүкпөй, чанда гана жазуучулар келечек муундун өкүлдөрүнө арналган чыгармаларды жазып жаткандыгын айтты.

Адабиятты, анын ичинен балдар адабиятын өнүктүрүш үчүн мамлекеттик колдоо керек. Бул тууралуу Бурул Калчабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жазуучуларга мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлүп, чыгармаларга цензуралык талдоо жүргүзүү менен эл кызыгып окуй турчу китептердин санын 70-80 пайызга жогорулатса болот.

"Илгери кыргыздар балдардын дүйнө таанымын бешик ыры, жомок менен калыптандырышкан. Кийин тили чыкканда ал балдар жомок китептерди окушкан. Бүгүнкү күндө жаштар интернетке байланып калды. Жомок угуп, китеп окугандар суюлуп барат. Мындан тышкары, балдар темасында жазган жазуучулар да өтө аз. Ошол себептен балдар адабиятын, деги эле жалпы адабиятты өнүктүрүш үчүн мамлекеттик колдоо керек. Биз, жазуучулар, кийинки муундун окурмандарын тарбиялашыбыз абзел. Жаштайынан китепке кызыкпаган бала чоңойгондо да кызыкпайт. Аларды кыйнап окута да албайсың", — деди жазуучу.

Ошондой эле ал кыргыз күүлөрүнүн таржымалына кайрылып, улуттук баалуулуктарды даңазалаган пьесаларды балдар үчүн жазса болорун кошумчалады.

49
Белгилер:
жазуучу, адабият, балдар
Тема боюнча
Калчабаева: бүгүнкү күндө китепти окурмандар жазып калды