Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиев: "байлар" үчүн салыкты эки жыл мурда ЖК колдобой койгон

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава управления налоговой политики Минэкономики Кубан Айдаралиев
Глава управления налоговой политики Минэкономики Кубан Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев экиден ашык турак жай ээлерине салыкты көбөйтүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоого аталган министрлик даяр экендигин айтты.
Айдаралиев: "байлар" үчүн салыкты эки жыл мурда ЖК колдобой койгон

"Байларга" багытталган мыйзам долбоорун эки жыл мурда сунуштаганбыз. Бирок бир добуш жетпей, өтпөй калган. Бул тууралуу Кубан Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыймылсыз мүлккө болгон салык мыйзамда 330-беренеде каралган. Эки жыл мурда аталган беренеге өзгөртүү киргизүү сунушталган.

"Эки жыл мурда Жогорку Кеңешке кыймылсыз мүлккө болгон салык мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганбыз. Ал мыйзам долбоорунда 200 чарчы метрден ашкан үйлөргө салыктын көлөмүн көбөйтүү, 300 чарчы метрден ашса андан да кымбатыраак кылуу, ал эми 4000, 5000, 6000 чарчы метрди түзгөн хан сарайларга салыктын өлчөмүн эң жогорку наркта салуу сунушталган эле. Тилекке каршы, бир добуш жетпей калып, өтпөй калган. Эми депутат Нурбек Алимбеков да ушундай сунуш айтып чыкты. Биздин министрлик эл өкүлүнүн сунушунан пайдаланып, кайрадан аталган мыйзам долбоорун парламентке киргизүүгө даяр. Эл өкүлү чарчы метрине эмес, тамдын санына карап көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул жагдайларды адистер карап чыгышы керек болот", — деди Айдаралиев.

Ал ошондой эле кыймылдаткычынын көлөмү чоң автоунааларга же машинанын санына салыктын наркын көтөрүүнү да талдап чыгуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0