Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сариев: Нурсултан Назарбаев Токаевди өз каалоосу менен көрсөткөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев
Политолог, эксперт по региональной безопасности Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Марс Сариев Казакстанда алдыдагы президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңсе, башка өңүттө саясат жүргүзөрүн айтты.
Сариев: Нурсултан Назарбаев Токаевди өз каалоосу менен көрсөткөн жок

Казакстандын президенттигине Касым-Жомарт Токаевди экс-президент Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен көрсөткөн жок. Мындай пикирин Марс Сариев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Нур Отандын" тандоосуна Улуу Британия өлкөсү өз таасирин тийгизүүдө.

"Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Украина сыяктуу кошуна мамлекеттерде болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көрүп, Нурсултан Назарбаев өз туугандарын президенттик тактыга алып келүүдөн чочулады. Ал мындай кадамы менен күчтүү державалардын куугунтугуна кабылгысы келген жок. Экс-президент Касым-Жомарт Токаевдин кандидаттыгын Улуу Британиянын көрсөтмөсү менен тандады деп болжолдосок болот. Ал өз каалоосу менен эле Казакстандын учурдагы өлкө башчысына токтолуп калды деп айтуу кыйын. Токаев президент болуп калса, батышка ыктаган саясат жүргүзүшү мүмкүн", — деди Сариев.

Эксперт Казакстан Евразиянын чордонундагы мамлекет болгондуктан батышка ооп кетсе, Орто Азияда биримдик жоголот деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0