Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Серепчи: Казакстандын президенттигине Токаевден башка бирөө даярдалып жаткандай

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Алмаз Акматалиев. Архив
Саясат таануучу Алмаз Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Алмаз Акматалиев Казакстан президенттигине көрсөтүлүп жаткан Касым-Жомарт Токаевдин шайлануусу Кыргызстан үчүн ыңгайлуу деген пикирде.
Серепчи: Казакстандын президенттигине Токаевден башка бирөө даярдалып жаткандай

Казакстандын президенттигине "Нур-Отан" партиясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан Касым-Жомарт Токаев убактылуу беш жыл гана президент болушу мүмкүн. Ал эми чындыгында өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаев тактыга агасынын же инисинин баласы, учурда аскер кызматкери болуп эмгектенип жүргөн тууганын даярдап жатат деп болжолдосок болот. Мындай пикирин Алмаз Акматалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кошуна мамлекетте бийликтин так ушундай жол менен алмашышы Кыргызстан үчүн да пайдалуу. Анткени мурдагы бийлик учурунда кыргыз-казак мамилеси кандай болсо, ошол бойдон сакталып калат.

"Касым-Жомарт Токаев экс-президенттин окуучусу, шакирти катары чоң саясатка келген адам. Ал өмүр бою Нурсултан Назарбаевди колдоп келди, мындан аркы карьерасында деле тандоосун өзгөртпөйт. Буга көптөгөн себептер бар. Алардын бири - Назарбаев президенттиктен кеткени менен "Улуттун лидери" деген юридикалык макамды алып отургандыгы. Демек ал бийликтен толук кандуу кеткен жок. Ошондой эле экс-президент беш жылдыкка Токаевди көрсөткөнү менен дээринде өзүнүн тууганы болгон, учурда аскер тармагында эмгектенип жаткан, болжолу 40 жаштагы инисин даярдап жатышы мүмкүн", —деди эксперт.

Ал ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын тандап алган жолдору башка экендигин, экөөнү салыштыруу мүмкүн эместигин, мындан улам экономика, адам укуктары жаатында чоң айырма бардыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0