Пансионат жана суу жээгиндеги эс алуучу жайларда ар бир 100 метр сайын экиден куткаруучу болушу керек. Бул тууралуу Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, куткаруучулар Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларына келип, суучулдар кызматынын атайын окуусунан өтсө болот.
"Жайкы эс алуу мезгилинин жакындашы менен бардык пансионаттар жана көлмөсү бар эс алуучу жайлардын кожоюндары куткаруучуларды даярдоого тийиш. Себеби өкмөттүн суу объектилеринде коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча 466-токтомуна ылайык, суу жээгинде эс алуучу жайларда ар бир 100 метр сайын экиден куткаруучу болуш керек. Эгер эс алуучу жай бул талапты аткарбаса, анда ишмердүүлүгү токтотулат. Куткаруучунун сууда жардам көрсөтө алат деген тастыктоочу сертификаты болушу кажет. Аталган тастыктоочу күбөлүк суучулдар кызматы тарабынан гана берилет. Ошол себептен куткаруучулук кызматты аркалайм дегендер суучулдар кызматынын Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларындагы өкүлчүлүктөрүнө кайрылып, окуп алышса болот. Окутуу жай мезгилине чейин жүргүзүлөт. Муниципалдык эс алуучу жайлардын куткаруучулары акысыз окутулат, ал эми жеке пансионаттардан келгендер 3 400 сом төлөп үйрөнүшөт. Мындан сырткары, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын эскертмелерди, китептерди таратып турабыз", — деди Шамырканов.
Ошондой эле ал быйылкы жылы сууга чөккөндөрдүн саны 13 кишиге жеткендигин кошумчалады.
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.