Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тогузбаева: мөмөлүү бактарды айыл эли бир учурда дарылаганы туура

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева
Эксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба багытындагы эксперт мөмөлүү бактар үчүн эң жакшы жер семирткич былтыркыдан калган бактын жалбырактары, мөмөлөрү экендигин айтты.
Тогузбаева: мөмөлүү бактарды айыл эли бир учурда дарылаганы туура

Мөмөлүү бактарды сөзсүз түрдө эрте жазда былтыркы жалбырак, чириген мөмөлөрүнөн тазалап, бутап коюу керек. Бутоодон кийин кескен жерлерди бактын майы менен майлоо зарыл. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккан бутактарын аяр кесип алып, бактан алысыраак жерде өрттөп койгон туура.

"Бак үчүн эң жакшы жер семирткич — бул даярдалган компост менен эски кык аралашкан чиринди. Бактын астына жаңы кык төгүп коюуга болбойт. Ал кыктагы зыянкечтердин бакка жайылып же отоо чөп басып кетүү коркунучун жаратат. Жаңы кыкты башка органикалык заттарга аралаштырып, компост жасап, бир аз убакыт чиритип коюп, андан соң колдонуу керек. Бактарды зыянкечтерден сактоо аракеттерин бүтүндөй айыл бир убакта жасаса таасири жакшы болот. Ал үчүн акиташ, көкташ же бордо суюктугу деп аталган жеңил химиялык заттын үч пайыздыгын эрте жазда, бак бүчүр түйө элек кезинде жана бир пайыздыгын гүлдөп бүткөндөн кийин чачып коюу жетиштүү", — деди адис.

Ал мөмөлүү дарактарды мындай жол менен дарылоо бактарда пайда болгон козу карындардан жана мите курттардан сактарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0