Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшиев: Төлөмүш Океевдин деңгээли Айтматовдукунан кем эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев Төлөмүш Океев. Архив
Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев Төлөмүш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев Төлөмүш Океев чыгармачыл инсан катары искусствону жашоонун күзгүсүндөй колдонуп, реалдуулукка шайкеш келген тасмаларды жаратып келгендигин айтты.
Шамшиев: Төлөмүш Океевдин деңгээли Айтматовдукунан кем эмес

Төлөмүш Океевдин деңгээли залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдукунан кем эмес. Бул тууралуу Болот Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Океев тарткан "Бакайдын жайыты", "Уркуя" тасмалары кыргыз кинематографиясындагы шедевр болуп саналат.

"Океев сөзгө чечен жана терең ой жүгүртө алган адам болчу. Анын акыл-насааттары бүгүнкү күндө жетишпей турат. Ал өз талапкерлигин кандай гана кызматка койбосун эл колдоп кетмек эле деп ойлойм. Искусство — жашоонун күзгүсү. Залкар инсан ошону жакшы түшүнгөн жана тасма жаратууда ар дайым реалдуулукка басым жасаган. Бизди салыштырган учурлар көп болду. Чыгармачыл адамдарды салыштыргыдай, алар ипподромдогу ат эмес да. Ал өз киносун тарткан, мен өз көз карашым менен тасма жараткам. Төлөмүш Океев өз заманынын залкары. Анын деңгээли Айтматовдукунан кем эмес", — деди Шамшиев.

Ал ошондой эле Төлөмүш Океев жана ага үзөңгүлөш режиссерлор нукура киноискусствону жайылтууга күч жумшашканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0