Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дегенбаев: кыргыз балына суроо-талап көп, бирок экспорттоо кыйын

© Sputnik / Дильноза АлымоваЖергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев
Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев кыргызстандык балчылар дүйнөлүк бал азыктарынын конкурсунан эки жолу алтын медаль утуп алышканын айтты.
Дегенбаев: кыргыз балына суроо-талап көп, бирок экспорттоо кыйын

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал дүйнөдө жогору бааланат. Бул тууралуу Бакыт Дегенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балга өзгөчө Кытайдан суроо-талап чоң.

"Дүйнөдөгү мыкты бал азыгын тандай турчу конкурста кыргызстандык балчылар эки жолу алтын медалга ээ болушту. Бул атамекендик бал азыгынын сапатына дүйнөлүк деңгээлде жогору баа берилди дегенди билдирет. Аталган сынакты дүйнөлүк футбол мелдеши менен салыштырат элем. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты жеңүү кандай сыймыктуу болсо, дүйнөлүк бал азыгынын конкурсунан алтын тагынуу да ошондой эле чоң жетишкендик. Кыргыз балына Кытайда талап чоң. Бирок ал жакка экспорттоо кыйын. Аталган өлкөдө кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыгын коргой турчу дипломаттар жок. Ошол себептен балдын экспортун арттыра албай жатабыз. Балдан сырткары сапаты жогору бааланган дагы көптөгөн өндүрүмүбүз бар. Бирок аларды биз өнүктүрө албай жатабыз. Эгер экспорттун көлөмүн көбөйтө алсак, бул экономиканын өсүшүн шарттайт. Экономика жакшырса, түздөн-түз мамлекет да өнүгөт", — деди Дегенбаев.

Ошондой эле ал Кыргызстан сапаттуу биопахта өндүрүү жаатында да дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарына кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0