Орозо туткан учурда адамдын организми тазаланып, бир катар органдары эс алат. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Орозо айында адамдын бир катар органдары эс алат, ага кошумча, бир жыл бою иштеген ашказанга тыныгуу болот. Жыйынтыгында органдар жакшы иштей баштайт. Баарыбызга белгилүү болгондой, кыймылдын аздыгынан жана азык-заттардын сапаты начарлап бараткандыктан, ар кандай оорулар көбөйүүдө. Ал эми орозо маалында күн тийгенден күн батканга чейин адам тамак жебегендиктен, организм иштебей турган белокторду чыгарат. Бирок орозону биринчи орунда ден соолук үчүн эмес, соопчулук үчүн тутуу керек", — деди Эргешов.
Ал Орозо айында терс иш-аракеттерди жасабаш керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Орозо айынын болжолдуу башталышы Аалымдар кеңешинин алдын ала чечимине ылайык, 6-май деп айтылган.
Жусуп Абрахмановдун 120 жылдыгын өткөрүү үчүн даярдыктар былтыртан эле башталган. Быйыл коомдук ишмерге арналган иш-чаралар жыл бою өткөрүлөт. Алгач илимий конференциялар, жаштарга бул инсанды таанытуу үчүн олимпиадалар мерчемделген. Бул тууралуу Мирбек Усебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, коомдук ишмердин 120 жылдыгына карата быйыл Ысык-Көлдө республикалык деңгээлде көк бөрү боюнча турнир өтөт.
"Бул жылы Абдрахмановдун музейин ачуу планы бар. КР президентинин алдындагы башкаруу академиясына лидердин атын берүү сунушталды. Коомдук ишмердин эстелигин кичи мекенине коюуну көздөп жатабыз. Азыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттары менен сүйлөшүлдү. Ал жердеги паркка Абдрахмановдун атын берип, музейи ачылып, эстелиги коюлат. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарларында да эстелик тургузулат. 12-мартта Кыргыз АССРинин эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган күнүн утурлай Кувейт эл аралык университетинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" темасында конференция өтөт. Анын жыйынтыгы менен китеп чыгат. Тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиевдин демилгеси менен "Абдрахманов — улут лидери" темасында студенттер арасында олимпиада уюштурулат", — деди Усебаев.
Ал Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столу Тарых музейинин балансына өткөрүп берилерин кошумчалады.
ШКУнун Run the Silk road IX эл аралык Ысык-Көл марафонунда 42 чакырым аралыкка чуркаган кыз-келиндер жана эркектер арасында 1-орунду алган жөө күлүктөргө 140 миң сомдон берилет. Марафон жарышында 1-орундан 6-орунга чейин көрсөткүчкө ээ болгон спортчулар акчалай сыйлыкка ээ болушат. Мындай маалыматты Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, жарым марафондук жарышта 1-орундан 3-орунга чейинки көрсөткүчтөргө ээ болгон атлеттер акчалай байге алышат.
"Негизи байге фондуна акчалай 1 миллион 44 миң сом каралган. 42 чакырымда кыздар жана эркектер арасында 1-орунду алгандарга 140 миң сомдон берилет. Ал 1-орундан 6-орунга чейин тапшырылат. 21 чакырымга да акчалай байгелер бар. Жарым марафондо 1-орундан 3-орунга чейин сыйлык тапшырылат. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар жана жаш курагы боюнча 4 категорияда жыйынтык көрсөткөн катышуучулар кур кол кайтышпайт. Эл аралык рейтинг боюнча марафондо чуркагандардын саны абдан аз болгонуна байланыштуу жаш курактарга карата бөлүүнү туура көрдүк," — деди Надыров.
Ошондой эле эл аралык ШКУ марафонунда мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга жана жаш курагына жараша ийгилик көрсөткөн катышуучуларга атайын сыйлыктар каралганын кошумчалады.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.