Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Маткаримова: ипотеканын пайызы мөөнөтүнө жана валютанын түрүнө жараша болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваРегиональный руководитель одного из коммерческих банков КР Назгуль Маткаримова
Региональный руководитель одного из коммерческих банков КР Назгуль Маткаримова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова мамлекеттик эмес кызматкерлер үчүн өлкөдө ипотекалык кредит алты айдан 10 жылга чейинки мөөнөттө берилерин айтты.
Маткаримова: ипотеканын пайызы мөөнөтүнө жана валютанын түрүнө жараша болот

Ипотекалык кредиттин мөөнөтү канчалык чоң болсо, үстөк пайыз ошончолук жогору коюлат. Бул тууралуу Назгүл Маткаримова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, АКШ доллары менен берилген ипотекалык насыялар сомго караганда орточо эсеп менен эки пайызга төмөн.

"Ипотека алуу үчүн кардардын жана жубайынын паспорту, нике тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Көз карандысыз кепилдик берүүчү каралса, анда анын да, жубайынын да паспорту жана нике күбөлүктөрү керектелет. Мындан сырткары, эмгек акы жөнүндө маалымдама, төлөм жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтер жана бизнеси болсо анын кирешеси тууралуу билдириши зарыл. Ошондой эле сатылып алынып жаткан турак жайдын документтеринин көчүрмөсү да суралат. Бүгүнкү күндө республикада орто эсеп менен мамлекеттик эмес кызматкерлер алты айдан 10 жылга чейинки мөөнөттө ипотекалык насыя ала алышат. Анын үстөк пайызы да белгиленген мөөнөттөн жана валютанын түрүнө жараша болот. Орточо эсеп менен алганда, учурда Кыргызстанда сом менен ипотекалык кредиттер жылдык 16 пайыздан жана АКШ долларында жылдык 14 пайыздан берилип жатат", — деди Маткаримова.

Ал ошондой эле айрым банктар курулуш компаниялары менен келишим түзүп, тикелей иштешкендиктен, кардарлар үчүн ипотекалык насыялардын бир топ ыңгайлуу түрлөрү да болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0