Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ютубер Сагынбаев: YouTube каналына уурдалган видеону киргизе албайсың

© Sputnik / Асель АкматалиеваЮтубер Талант Сагынбаев
Ютубер Талант Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ютубер Талант Сагынбаев YouTube каналындагы чектөөлөр боюнча айтып берди.
Ютубер Сагынбаев: YouTube каналына уурдалган видеону киргизе албайсың

YouTube каналында автордук укук жакшы корголот. Бул тууралуу Талант Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каналга бирөөнүн ырын же видеосун уурдап жүктөөгө тыюу салынган.

"YouTube каналынын өзүнүн чектөөлөрү бар. Уурдалган видеону киргизүүгө, бирөөнүн ырын же музыкасын жүктөөгө, бир адам тууралуу жалган маалымат таратып, аны каралоого жол берилбейт. Ал жакта автордук укук жакшы сакталат. Ошондуктан аталган каналда акча берсең сен тууралуу терс видеону өчүрөм деген учурлар дээрлик боло бербейт. Бирөөнүн даяр жасап койгон видеосун алганча, өзүң изденип жаңы продукт даярдаган бир топ таасирдүү", — деди ютубер.

Ал кыргыз ырчылары бир гана YouTube каналы менен келишим түзүп, аталган канал алардын ырларынын укугун коргоп бере ала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0