Дыйкан түшүмдү мол алышы үчүн алгач айдоо жерин асылдандырганды унутпашы керек. Мындан сырткары, ошол жылдагы аба ырайы да чоң мааниге ээ. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бардык өсүмдүктөр эле бирдей нымдуулуктагы топуракта өнүп чыга бербейт. Мисалы, картошканын тамыры абдан сезгич келгендиктен, аны топурак сегиз градус жылымайын отургузбай туруу зарыл.
"Түшүмдүүлүктү арттырууда дыйкан жерди семиртүү, убагында сугаруу, урукту туура себүү, көчөттү өз маалында отургузуу жана азыктандыруудан сырткары да жерди алмаштырып турууну унутпашы зарыл. Бир аянтка быйыл картошка эккен болсоңуз, кийинки жылы башка нерсе отургузуңуз. Мындай жол менен түшүм мол болуп, жер да эс алат. Ошондой эле тигилген өсүмдүктөрдүн ырааттуулугуна да көңүл буруу керек. Мисалы, буудай, жүгөрү жана жашылча-жемиштерди бир катарга отургузуп коюу болбойт", — деди Тогузбаева.
Ал ошондой эле колдонулуучу техникага да дыкат көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.
Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.
"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.
Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.