Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өрт өчүрүүчү: 15 кабаттан бийик имараттан өрт чыкса, өчүрө албайбыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваСотрудник МЧС, подполковник Бактыбек Арзымаматов
Сотрудник МЧС, подполковник Бактыбек Арзымаматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин оорук башкармалыгынын башчысы, подполковник Бактыбек Арзымаматов өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын техникасы абдан эскиргендигин айтты.
Өрт өчүрүүчү: 15 кабаттан бийик имараттан өрт чыкса, өчүрө албайбыз

50 метр бийиктикке жете турчу эки гана тепкич бар. Анын да бирөө жарактан чыкты. Эгер 14-15 кабаттан бийик имараттардан өрт чыкса, аны өчүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Бул тууралуу Бактыбек Арзымаматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өрт өчүрүү техникасын жаңылоо аракеттери акыркы жолу 2008-2009-жылдары болгон. Ал эми техникалык эреже боюнча өрт өчүрүүчү автоунаанын ишке жарамдуу мөөнөтү 11 жыл. Бүгүнкү күндө ал унаалар да эскирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгындагы техника абдан эскирди. Көбү СССР доорунда колдонулуп келген. Акыркы ирет 2008-2009-жылдары жаңыланган. Бирок анда болгону 70 өрт өчүрүүчү транспорт менен камсыздалганбыз. Техникалык эреже боюнча өрт өчүрүүчү автоунаанын ишке жарамдуу мөөнөтү 11 жыл. Бүгүнкү күндө алар да эскирди. Бирок аргасыздан ошол эле өрт өчүрүүчү унааларды колдонуп жатабыз. Аларды оңдоо да кыйын. Айрым тетиктери өндүрүлбөй калган. Ошого карабастан жоктон бар кылып, дайым даярбыз. Мындан сырткары, 50 метр бийиктикке жете турчу эки гана тепкичибиз бар. Анын да бирөө жараксыз. Эгер көп кабаттуу үйлөрдүн 14-15-кабатынан өрт чыкса, аны өчүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Ал эми учурда имараттар 24 кабатка чейин салынууда. Мындан улам техниканы жаңыртуу керек. Азыркы тапта өрт өчүрүүдөгү үч ишти аткара турчу жаңы автоунаалар чыгарылууда. Биз учурда андай техникага абдан муктажбыз", — деди Арзымаматов.

Ошондой эле ал өрт өчүрүүчү техниканы жаңыртуу долбоору боюнча учурда Россиядан 60 бирдик өрт өчүрүүчү жана атайын багыттагы техника келери күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0