ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы, майор Равшанбек Аширбеков

Аширбеков: акыркы төрт айда өрт кырсыгынын саны 19 пайызга кыскарды

476
ӨКМдин өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы, майор Равшанбек Аширбеков былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы өрт кырсыгынын саны 200дөн ашуун учурга аз катталгандыгын айтты.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2018-жылга салыштырмалуу 2019-жылы төрт ай аралыгында өрт кырсыгынын саны 19 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Равшанбек Аширбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алдын алуу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте аткарылып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп тургандыктан өрт кырсыгынын санын азайтууга мүмкүн болду.

"2019-жылдын төрт айынын жыйынтыгын чыгардык. Ага ылайык, быйылкы жылы 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 19 пайызга, же тактап айтканда, 200дөн ашуу учурга кыскарган. 2018-жылы өрт кырсыктарынын саны 4 808 учурду түзүп, 2017-жылдагы көрсөткүчкө ылайык үч пайызга өскөн болчу. Бул жылы өрт кырсыгы кескин түрдө азайып жатат. Мындай жылыштар ӨКМдин "Өрттү өчүрүүдөн аны алдын алуу жеңил" деген ураанынын алдында түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп жаткандыгыбыздын натыйжасында болууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да тыгыз иштешүүдөбүз. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары да чоң көмөк көрсөтүп жатышат", — деди Аширбеков.

Ошондой эле ал жыл бою пландык негизде машыгуу иш-чаралары өтүп турарын кошумчалады.

476
Белгилер:
ӨКМ, жарандык коом, өрт кырсыгы
Тема боюнча
Өрт өчүрүүчү: 15 кабаттан бийик имараттан өрт чыкса, өчүрө албайбыз