Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дегенбаев: илим өнүкпөсө, эч бир экономика жакшырбайт

© Фото / Ярослав МальцевПредприниматель Бакыт Дегенбаев
Предприниматель Бакыт Дегенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев өлкө экономикасын өнүктүрүш үчүн илим жаатына көңүл буруш керектигин айтты.
Дегенбаев: илим өнүкпөсө, эч бир экономика жакшырбайт

Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, илим өнүкпөсө, эч бир экономика жакшырбайт. Бул тууралуу Бакыт Дегенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өндүрүш тармагына инженер, конструктор, технологдор жетишпейт.

"Бүгүнкү күндө бизде Илимдер академиясы жана агрардык тармак өтө алсыз болуп калды. Буга кошумча, илимий изилдөө жүргүзүүчү жерлер да менчиктештириле баштады. Бул абдан терс көрүнүш. Тажрыйба кылууга талаасы, каражаты жок болсо, илимий жаат кайдан өнүгөт? Илим жок жерде экономика да оңолбойт. Учурда өндүрүштө кадр маселеси жаралып, жеңил өнөр жай тармагында 17 000 тигүүчү керек болуп жатат. Мындан тышкары, бизде инженер, конструктор, технологдор жетишсиз. Өнүгүүгө бет алган өлкө сөзсүз түрдө илимге олуттуу көңүл бурат. Мисалы, коңшу Кытайды карап көрсөк. Алар 70-жылдары "Өндүрүш — бул улуттун интеллектиси" деген түшүнүктү ураан кылып алышкан. Алар азыр инвестицияны космоско, илимий ачылыштарга жасай башташты. Алардын буга чейинки илимий чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган аракеттери учурда үзүрүн берип жатат. Ошол себептен илимий жаатка мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, өнүктүрүү аракеттери көрүлүшү керек", — деди Дегенбаев.

Ошондой эле ал жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын чет өлкөдө коргоп, экспортко жаңы жолдорду таба турчу дипломаттар керек болуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0