Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: жаңы кайгуул түзүмүнө ачык конкурс жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин ЖКККББсынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив
ИИМдин ЖКККББсынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ЖКККББсынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев эми коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун Ички иштер министрлигинин жаңы башкармалыгы ишке ашырарын айтты.
Сатыбалдиев: жаңы кайгуул түзүмүнө ачык конкурс жүрүп жатат

2018-жылы президенттин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар түзүлө турчу башкармалыктын иштөө концепциясын даярдашты. Мунун негизинде ушул жылдын 29-апрелинде өкмөт тиешелүү токтом чыгарды. Ага ылайык, жол коопсуздугу менен коомдук тартипти кароо бир түзүмгө жүктөлөт. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган түзүмгө мурда тартип сакчысы болуп эмгектенбеген 35 жашка чейинки жарандарды тартууга басым коюлат.

"Эки түзүмдүн ишин аткаруучу кызмат милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы деп аталат. Ал жерде 900дөй тартип сакчы эмгектенет. Алардын көбүн жөнөкөй жарандардан алуу пландаштырылууда. Кайгуул кызматына жумушка кирүү үчүн атайын эрежелер бар, алар менен кененирээк ЖКККББнын расмий сайтынан жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынан таанышса болот. Сынак ачык өткөрүлүп, документтер 6-июнга чейин кабыл алынат", — деди Сатыбалдиев.

Ал аталган долбоор алгач Бишкек шаарында, эки жылдан соң Ош шаарында ишке ашарын, андан кийин бардык аймактарга жайыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0