Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койчубаков: кир коомдук транспорт каттамга чыгарылбайт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков
Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков коомдук транспорттун тазалык маселеси боюнча жүргүнчүлөр күндө телефон чаларын айтты.
Койчубаков: кир коомдук транспорт каттамга чыгарылбайт

Жуулуп, тазаланбаган автобус жана троллейбус каттамга чыгарылбайт. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым жарандар коомдук транспортто таштанды ыргытып, муниципалдык мүлккө кайдыгерлик менен мамиле кылышат.

"Коомдук транспортко байланышкан маселе боюнча жүргүнчүлөр күн сайын биздин ишканага телефон чалып турушат. Алардын арасында автобус жана троллейбустардын тазалыгына байланыштуу даттануулар да бар. Бирок андай арыздануулардын жүйөлүү негизи жок. Анткени коомдук транспорт күнүнө жуулуп турат. Ар бир автобазада таңкы саат 04:00дөн саат 06:00гө чейин жууп-тазалоо иштери жүргүзүлөт. Андан кийин ар бир муниципалдык унааны атайын көзөмөлдөөчү механик текшерет. Эгер унаа кир болсо, ал каттамга чыгарылбайт. Ал эми ишке чыккан коомдук транспорттун тазалыгы түздөн-түз жүргүнчүлөрдөн көз каранды. Кээ бирөөлөр баткак кечкен бут кийими менен салонго кирет, айрымдар көз көрүнөө эле таштанды ыргытышат. Мас жүргүнчүлөр болот. Мунун баары коомдук транспорттун тез булганышына алып келүүдө. Мындай учурда айдоочулар унааны өздөрү тазалашат же автобазага барып жуудурушат", — деди Койчубаков.

Ошондой эле ал мындан ары сатылып келген коомдук транспорттордо көзөмөлдөөчү камералар орнотуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0