Октябрь райондук аппараттын жетекчиси Чыңгыз Бакеев

Бакеев: №6 кичирайонго коюлган камералар төрт ири кылмыштын бетин ачты

134
Октябрь райондук аппараттын жетекчиси Чыңгыз Бакеев №6 кичирайонго коюлган 72 камерага кеткен чыгымдын акталганын айтты.

№6 кичирайонго коюлган камералар төрт ири кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Чыңгыз Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жакынкы күндөрдө "Бул жерде видеокөзөмөл бар" деген тактайчалар орнотулса, аталган кичирайондо кылмыштуулук дээрлик жоюлмакчы.

"Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирген. Ага жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнүп, 72 камера орнотулган. Пилоттук негизде иштеп жатканына карабастан, майда жана ири кылмыштардын бети ачылып жатат. Атай кетсем, коляска, велосипед уурдагандар аныкталууда. Жакында эле кичинекей кызды жакындары ойноп жаткан жеринен таба албай, камера аркылуу карасак, башка короодо ойноп жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары, төрт ири кылмыштын бети ачылды", — деди Бакеев.

Ал мындай "Коопсуз кичирайон" долбоорун ишке ашыруу башка да райондорго пландалып жатканын кошумчалады.

134
Белгилер:
кылмыш, камера, коопсуздук
Тема боюнча
Бишкекте "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке кирди. Сүрөттөр
Бакеев: №6 кичирайонго 72 камера орнотулду