Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаева: ата-энелер чогулткан акчага мугалимдер аралашпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. Архив
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектептерде акчаны коомдук уюмдар жана ата-энелер фонду чогултарын айтты.
Абдылдаева: ата-энелер чогулткан акчага мугалимдер аралашпайт

Мыйзамга ылайык, мектеп директору жана мугалимдердин акча чогултууга укугу жок. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам боюнча ата-энелер түзгөн фонд жана коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө мамлекеттик мекемелерге жол берилбейт.

"Мектептерде акча ата-энелер фонду жана коомдук уюмдар тарабынан чогултулат. Комерциялык эмес уюмдар боюнча мыйзамга ылайык топтолгон каражаттын өлчөмүн жана анын сарпталышын эч бир мамлекеттик мекеме текшере албайт. Аталган фонд жана уюмдарда өздөрүнүн төрагасы болууга тийиш. Өз кезегинде алар чогулган акча каражаты жана анын жумшалган багыттары боюнча маалымат берип турушу зарыл. Ошондой эле ал уюм жана фондго ата-энелерди мажбурлап акча чогултуу да мыйзамсыз. Ким канча бере алса, ошончо берет. Мындан сырткары, алардын ишине агартуучулар аралашпашы керек. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Көпчүлүк ата-энелер жана мектеп мугалимдери бул тууралуу билишпейт. Мындан улам ар кандай түшүнбөстүктөр болуп жатат", — деди Абдылдаева.

Ошондой эле ал мектеп директору же мугалим тарабынан акча чогултуу фактысы катталса, дароо жумуштан алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0