Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатаев: атамдын "Түштүк кызы" аттуу ыры алгач башкача аталчу

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев
Белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев "Түштүк кызы" аттуу ырдын сөзү токтогулдук акын Алишер Иметкуловдун калемине таандык экендигин айтты.
Сатаев: атамдын "Түштүк кызы" аттуу ыр алгач башкача аталчу

Башында "Түштүк кызы" аттуу ыр "Түштүктүк карындашыма" деп аталчу. Бул тууралуу Кубаныч Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, чыгарылыш белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевге арналган.

Кубаныч Сатаевдин айтымында, кийин бул ырды өзү ырдап чыкканда ыр саптарындагы "аке" деген сөздү "ака" деп өзгөртүп алган. Бирок ырдын жаңы варианты жакшы кабыл алынып, эл арасына тез эле жайылып кеткен.

"Бул ырдын үстүнөн атам эки жылдай иштеди. Башталышын шаңдуураак кылыш үчүн атайын чыгыштын мотивдерин да кошту. Сөздөрү болсо "Түштүктүк карындашыма" деген ырдан алыныптыр. Аны атам оңдоп обонго салып, аталышын "Түштүк кызы" деп өзгөрткөн экен. Негизи ырдын сөздөрүн атам бир кичинекей китепчеден таап алган. Буга чейин анын автору түштүктүк акын экен деп айтылып келчү. Сөздөрдүн автору ким экендигин билгениме төрт эле жыл болду. Көрсө, ырдын сөзү токтогулдук акын Алишер Иметкуловдун калемине таандык экен. Бул тууралуу мага акындын кызы байланышка чыгып, айтып берди", — деди Сатаев.

Ошондой эле ырчы атасынын ырлары мураскор катары ага катталгандыгын жана учурдагы автору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0