Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова

Бообекова: жаштар бүлө курууга психологиялык жактан даяр болушу керек

138
(жаңыланган 16:33 14.05.2019)
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова үй-бүлө курууда жаштар эмнени эске алуу керектигин айтып берди.

Жаштар психологиялык жактан даяр болгондо гана баш кошушу керек. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эки жаш турмуш курарда үй-бүлөнүн жоопкерчилигин алууга канчалык деңгээлде даярдыгын билиши шарт.

"Ар бир адам ар башка өзгөчөлүктөр менен үй-бүлө курат. Баары эле окшош бир үйдүн түтүнүн булата бербейт. Жаштар баш кошууга материалдык жана физиологиялык жактан даяр болушу керек. Бирок "Психологиялык жактан даярмынбы?" деген суроо эң башкы маселе экенин унутта калтырбашы керек. Үй-бүлөнүн жоопкерчилигин алууга, келин болуп барчу кыз башка үй-бүлөдө жашаганга канчалык деңгээлде даяр экенин так аныктап алышы маанилүү. Жаштарга "Эмне үчүн үйлөнөсүң?" деп суроо салганда көбү "чогуу жашаганга" деп жооп берет. Чогуу болуу максаты башка нерсе, өмүр бою ал адам менен жашоо максаты да бөлөк маселе. Башкача айтканда, чогуу болуу максаты убактылуу болсо, ал эми үй-бүлө куруу максаты түбөлүктүү", — деди психолог.

Ал ошондой эле үй-бүлөнүн милдетин, жүгүн көтөрүүгө аял да, эркек да өз салымын кошуп турушу керектигин кошумчалады.

Эске салсак, эртең, 15-май — Үй-бүлөнүн эл аралык күнү.

138
Белгилер:
үй-бүлө, жаштар
Тема боюнча
Очогумдун бузулганы жаш кыздарга сабак болсун! Ишкер айым менен маек