Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малабек уулу Мирлан: банктык картаны чет өлкөдө колдонууда комиссия алынбайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКоммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу өлкөнүн банктарына тиешелүү болгон төлөм карталарын чет жакта колдонуу ыкмаларын айтып берди.
Малабек уулу Мирлан: банктык картаны чет өлкөдө колдонууда комиссия алынбайт

Чет өлкөдө соода-сатык жүргүзүүдө атамекендик төлөм карталарын колдоно берсе болот. Ал үчүн кошумча комиссия алынбайт. Бул тууралуу Мирлан Малабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекетте жергиликтүү банктардын картасын колдонууда курстук айырма гана келип чыгышы мүмкүн.

"Колдонуп жүргөн кадимки төлөм картаңыз менен чет мамлекеттерге сапарга чыга берсеңиз болот. Карта менен төлөм жүргүзүүдө эгер сиз долларлык карта менен чыксаңыз жана ал өлкөдө соода доллар аркылуу жүргүзүлсө, анда сатып алган буюмуңуздун наркын гана төлөйсүз. Ал эми сомдук карта менен чыгып, рубль же доллар менен соода жүргүзсөңүз, курстук айырмачылык да кошо эсептелет. Чет мамлекетте карта менен төлөм жүргүзүүдө чектөө бар экенин унутпаңыз. Мисалы, кымбат шуба же фотоаппарат сатып алгыңыз келсе, алгач сиз тейленген банктын карталык лимити канча суммага чейин экенин тактап алыңыз. Чектөөнү көбөйтүү үчүн сапарга чыгарда банктын адисине кайрылышыңыз керек", — деди Мирлан Малабек уулу.

Ал ошондой эле терминалдардан акча накталоодо да ушул эле эрежелер иштерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0