Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков

Садыков: КУУ 6000ден ашуун абитуриентти кабыл алууну пландап жатат

72
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Канат Садыков аталган окуу жайда 21 факультет бар экенин айтты.

Быйыл Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине алты миңден ашуун абитуриенттин кабыл алынышы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Канат Садыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда комиссия түзүү жана маалымат жайылтуу иштери жүргүзүлүүдө.

"Биздин окуу жайдагы факультеттер февраль айларынан баштап эле ачык эшик иш-чараларын өткөрүп келет. Ушул тапта абитуриенттерди кабыл алуучу комиссияны түзүү жана маалымат таркатуу иштери менен алектенип жатабыз. КУУ 54 бакалаврдык жана 45 магистратуралык багыт боюнча билим берип келет. Ошондой эле 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүн да эки жылдык даярдыктан өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул жылы алты миңден ашык абитуриентти кабыл алууну пландап жатабыз", — деди ректор.

Садыков 2019-2020-окуу жылындагы гранттык орундардын азырынча так саны айтыла электигин жана буга чейин жылына 450дөй студентке бекер окуу мүмкүнчүлүгү каралып келгенин кошумчалады.

72
Белгилер:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ЖОЖ, бүтүрүүчү, абитуриент
Тема боюнча
Адис ЖРТга кантип даярданса болорун айтып берди