Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Майтикова: Бишкекте "Манастын урпактары" аттуу фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чинара Майтикова
Главный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чинара Майтикова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чинара Майтикова аталган фестивалга 600дөй көрүүчү келерин айтты.
Майтикова: Бишкекте "Манастын урпактары" аттуу фестиваль өтөт

24-майда саат 09:00дө "Сейтек" балдар борборунда "Манастын урпактары" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу Чинара Майтикова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фестивалга бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөр жана башталгыч класстардын окуучулары катышмакчы.

"Бул иш-чара 2014-жылдан бери кыргыз тилин жана улуттук баалуулуктарды даңазалоо максатында жыл сайын май айында түрдүү тематикада уюштурулуп келет. Ар жылы аталышы да ар кандай болот. Мисалы, фестиваль жаңы уштурулуп жаткан жылы улуттук бийлерге басым жасалган. Андан кийинки жылдары улуттук оюндарга, Айтматов ааламына өзгөчө маани берилип, ошол багытта фестивалдар өткөрүлгөн. Ал эми бул жылы "Манастын урпактары" деп аталып, жаш муунга Манас бабабыз тууралуу фестивалдын алкагында кенен маалыматтар берилмекчи", — деди Майтикова.

Ал "Манастын урпактары" фестивалына кирүү акысыз экенин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0