Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: чиновниктер "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деп иштеп жатат

Жазылуу
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда жергиликтүү аткаминерлерге коррупция менен күрөшүүдө "сен мага тийбе, мен сага тийбейин" деген тартипте иш алпарып жаткандыгын айтты.
Жээнбеков: чиновниктер "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деп иштеп жатат

Коррупция менен күрөшүүгө жалгыз президенттин күчү жетпейт. Менин эрким бар, президент катары туруп берем. Бирок жалпы эл биригип, жапа тырмак киришпесе, коррупция токтобойт. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.

Анын айтымында, жемкорлукка жол берип көнүп калгандар коррупциялык күрөшкө бут тосушат.

"Коррупция менен күрөштү жалгыз президент жасай албайт. Мен бул күрөштүн башында өлкө башчысы катары туруп берем, ага эрким жетет. Бирок жалпы эл жапа тырмак киришип күрөшүшү шарт. Бир кызмат үчүн коррупциялык кадамдарга барууга даяр болгон адам менен ага жол берген аткаминерлердин бетме-бет келишип иш бүтүрүүсүн чектеген системаларды киргизүү зарыл. Бул жерде бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү отурасыңар. Силер "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген тартипте иш алпарып жатасыңар", — деди президент.

Ошондой эле ал коррупция жоюлбаса, келечекте мамлекет оор абалга кептелип калышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0