Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: бүгүнкү күндө ооз ачтырууну тойго айлантып жиберишти

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующий отделом образования Духовного управления мусульман КР Акимжан Эргешов
Заведующий отделом образования Духовного управления мусульман КР Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов орозо учурунда ооз ачууга караганда ооз жабууга көбүрөөк маани бериш керектигин айтты.
Эргешов: бүгүнкү күндө ооз ачтырууну тойго айлантып жиберишти

Орозо учурунда жеңил жана сиңимдүү тамактарды жеген дурус. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орозо туткан адам күн батары менен ооз ачканы жакшы.

"Ооз ачканга караганда ооз жапкан убак көбүрөөк маанилүү. Ооз жабууда аз болсо да эртең менен жеш керек. Ал эми оозду күн батары менен ачкан жакшы. Ооз ачкан мезгилде эң алгач сууну ичип, андан кийин курма жеген дурус. Бул учурда өтө таттуу жана өтө ачуу тамак-аштардан алыс болуш керек. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ооз ачтырууну тойго айлантып, дасторконду толтуруп, столдун бетинде чыны койгонго жер калбай калат. Тескерисинче, орозо мезгилинде мурдагыдан азыраак тамактанган жакшы. Тойгончо жеп, кекирбеш керек" — деди Эргешов.

Ал орозо туткан адам табит барда жеп, табити жокто жегенин токтотуш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0