Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакушев: Бишкекте 60 көчө оңдолот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Мурат Бакушев
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Мурат Бакушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Мурат Бакушев жолду оңдоо иштери болжол менен июль айынан баштала турганын айтты.
Бакушев: Бишкекте 60 көчө оңдолот

Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 2019-2020-жылдары Кытайдан келген гранттын негизинде Бишкектеги 60 көчөнү оңдоп-түзөө иштерин баштаганы турат. Бул тууралуу Мурат Бакушев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 60 көчөнүн 43ү шаар ичинде, 17си жаңы конуштарда жайгашкан.

"Бишкек шаарындагы жолдорду реконструкциялоого жалпы 60 көчө каралууда. Алардын ичинен 43 көчө шаар ичинде, ал эми 17 көчө Ак-Өргө, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Мурас-Ордо, Кара-Жыгач сыяктуу жаңы конуштарда жайгашкан. Жолдун сапатына үч жылдык кепилдик берилмекчи. Эгер кандайдыр бир себептерден улам кемчиликтер кетсе, тандалып алынган компания чыгашаларды өз мойнуна алат. Оңдоп-түзөө иштери болжол менен июль айында башталат", — деди Бакушев.

Ал план боюнча алгачкы төрт айдын ичинде 15-20 көчө ремонттон өтүп бүтүшү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0