Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каракетов: кыргыз балы дүйнөлүк сынактан эки жолу гран-при утту

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент ОО "Кыргызский Союз Пчеловодов" Казим Каракетов
Президент ОО Кыргызский Союз Пчеловодов Казим Каракетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов 2010-жылдан бери аталган союз балчылар ассоциациясынын дүйнөлүк федерациясына мүчөлүк кыларын айтты.
Каракетов: кыргыз балы дүйнөлүк сынактан эки жолу гран-при утту

Кыргыз балчылары дүйнөлүк бал сынагынан 2013-жылы жана 2015-жылы катары менен баш байгени багындырган. Бул тууралуу Казим Каракетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз балын брендге айландыруу аракеттери көрүлүшү керек.

"Биз алгачкы жолу 2013-жылы Украинада өткөн дүйнөлүк бал сынагына катыштык. Анда балдын ар кандай түрлөрү боюнча атаандаштык жүрдү. Бардыгы болуп беш медаль уттук. Анын экөө күмүш болсо, калганы алтын. Калыстар тобу эң жогорку бааны кыргыздын ак балына беришти. Мындай жыйынтыкты өзүбүз да күткөн эмеспиз. Алтын байгелердин эсеби боюнча биз алдыга озуп чыгып, гран-приге да ээ болдук. Башында капысынан эле жеңишке жеттиңер деген ойлор айтылып жүрдү. Мындан улам бизге чоң жоопкерчилик жүктөлүп, кийинки жарыштарда мыктылыгыбызды далилдөөгө туура келди. 2015-жылы кайрадан бул сынака катышып, Түштүк Кореяда өткөн мелдеште жети медаль жеңип алдык. Ал жылы Ысык-Ата районунда өндүрүлгөн кара бал мыкты деп табылып, баш байгени экинчи ирет багындырдык. Бул ийгиликтер кыргыз балын дүйнөгө таанытты. Эми аны брендге айландыруу керек. Дүйнөлүк бал сынагы эки жылда бир уюштурулат. Быйыл ал Канаданын Ванкувер шаарында өтмөкчү. Азыркы тапта ошол жакка даярдык көрүүдөбүз", — деди Каракетов.

Ошондой эле ал учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн бал азыгы дүйнөнүн 30 өлкөсүнө экспорттолуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0