Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу

Банк адиси: 15 миң сом айлык менен деле баланы ЖОЖдо окутууга болот

286
(жаңыланган 11:55 21.05.2019)
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча өлкөдө орточо айлык акынын өлчөмү 15 000 сомду түзөрүн айтты.
Банк адиси: 15 миң сом айлык менен деле баланы ЖОЖдо окутууга болот

Акчаны туура үнөмдөп, чогултуп, аз маяна алып деле баланы жогорку окуу жайга окутса болот. Бул тууралуу Мирлан Малабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, башкысы тактыкты сактап, ай сайын белгилүү өлчөмдөгү сумманы чогултуп туруу абзел.

"Демейде ата-энелер баланы жогорку окуу жайга окутуу үчүн камылганы 1-2 жыл калганда көрүп башташат. Бул туура эмес. Мисалы, бала 12ге чыкканда ал жогорку билим алуу үчүн келишимдин баасы болжолдуу түрдө орто эсеп менен 40 000 сомдун айланасында болорун эске алуу керек. Мына ушул курагынан баштап акча чогултууну баштоо зарыл. Эгер сиз топтоонун минималдуу суммасы 500 сом менен депозит ачсаңыз, балаңыз жогорку окуу жайга тапшырарда кошулчу пайыздар менен 41 000 сом топтой аласыз. Башкача айтканда, биринчи жылынын контрагы даяр. Ал эми депозитти 2500 сомго топтоо мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо, анда бул аралыкта 200 000 сом каражат чогултуп коесуз. Акча чогултууда алгачкы эреже бюджетиңизди алдын ала болжолдоп, ашыкча чыгымдарыңызды кыскартыңыз", — деди Камчыбеков.

Адис ушундай эле жол менен башка керектөөлөргө да каражат топтосо болорун кошумчалады.

286
Белгилер:
депозит, үнөмдөө, акча
Тема боюнча
Малабек уулу Мирлан: банктык картаны чет өлкөдө колдонууда комиссия алынбайт
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова. Архивдик үрөт

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

807
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

Вирус өпкөмдүн 56 пайызын жабыркатыптыр. Бул тууралуу Кайырбүбү Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

Анын айтымында, COVID-19 вирусун кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү билбей калган.

"Россияда ооруканалардын биринде буфетте иштейм. Бир күнү эле тамагым кычышып, кадимки тамак оорунун белгилери байкалды. Врачка көрүнсөм жөн эле тамак оорусу деп сормо дары жазып берди. Аны колдонуп дагы 4-5 күн үйдө болдум. Бирок оору жоголбой эле күндөн-күнгө күчөп, дене табым 38,5 градуска чыга баштады. Башка дарыгерге барып көрүнсөм алар өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүп, 56 пайызын вирус жабыркатканын айтышты. Андан соң мени Тез жардам менен COVID-19ду дарылаган бейтапканага алып кетишти. Жалпысынан 10-11 күн абдан кыйналдым, ооруканага жаңы барганда өз алдынча дем ала албай аппаратка туташтырышты. Тамакка болгон табитиң жоголуп, көкүрөк тушуң катуу ооруйт экен. Жашым 60ка барып калгандыктан, чынында корктум. Медиктер мыкты дарылагандыктан айыгып кеттим", — деди Абдыкадырова.

Ал вирус аныкталганга чейин беш ирет COVID-19га анализ тапшырып, баары таза чыкканын кошумчалады.

807
Белгилер:
ден соолук, Россия
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов

Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

18
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов аңчылыктын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору бул багыттагы мурдагы укуктук документтерди кайталап жатканын айтты.
Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерчилик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.

"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерчилик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.

Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.

18
Белгилер:
аңчылык, жаныбарлар, мораторий
Тема боюнча
Кадыров: жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун терс жактары көп
Facebook соцтармагы. Архивдик сүрөт

Facebook расизмге каршы аракет көрө баштады

0
Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын жазды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өзү негиздеген социалдык тармак расалык теңчилик боюнча жаңы саясат баштаарын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Биз расалык теңчиликке үгүттөө  боюнча жаңы кадамдарды таштай баштадык. Албетте, АКШдагы жана дүйнөдөгү улутчулдукту жана теңсиздикти жеңүү кыйын, бирок биз бул нерсеге кичинекей болсо дагы салым кошушубуз керек", — деди Цукерберг.

Анын айтымында, теңсиздик, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүү боюнча билдирүүлөргө карата жаңы талаптар жана жоопкерчилик иштелип чыгат.

"Компаниянын азыркы саясаты деле зордук-зомбулукка жол бербейт. Кайсы бир тарапка карата зомбулук тууралуу пост болсо, аны жок кылып салуу туура деп ойлойбуз. Дагы талкуулар болуп жатат", — деди компания негиздөөчүсү.

Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын кабарлады.

Эске салсак, Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

0
Белгилер:
Марк Цукерберг, Facebook, АКШ
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд. доллар айыпка жыкты. Себеби