Партнердук түйүндөр ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев. Архив

Султангазиев: көмүскө трансплантологияга жол бербеш керек

90
(жаңыланган 14:21 21.05.2019)
"Партнердук түйүндөр" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев тирүү адамдын коопсуздугу баарынан маанилүү экенин айтты.
Султангазиев: көмүскө трансплантологияга жол бербеш керек

Адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга уруксат берчү мыйзам долбоору мыйзамсыз трансплантологияга жол ачып берип жатканын эске алыш керек. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер мыйзам долбоору ишке ашып калса, карызы бар адамдар бөйрөгүн сатып, ошондой эле жаш балдардын жоголуу фактылары көбөйүшү мүмкүн.

"Элдин көбү трансплантология керек деп жатышат. Бул жерде эң биринчи кезекте тирүү адамдын коопсуздугун эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндө кичинекей балдар жоголгон фактылар көп болууда. Жогорудагы мыйзам долбоорун ишке ашыруудан мурда укук коргоо органдары аларды таап, сактай алабы деген суроого жооп бериш керек. Балдарды уурдагандар жазасын алып жатат деген маалыматты укпай жатабыз. Бул мыйзам долбоору көмүскө трансплантологияга жол ачып берип жатат. Азыр элдин көбү эле насыя алып, оокат кылып келишет. Карызы барлар бөйрөгүн сатып акчалуу болгусу келиши да мүмкүн. Ошондуктан мындай жагдайда адамдын коопсуздугун эске алып, терең анализ жүргүзүү талап кылынат. Адам органдарын жеке клиникаларда мыйзамсыз алмаштырууга уруксат бербеш керек", — деди Султангазиев.

Ал, мындан сырткары, медициналык борборлор жетиштүү деңгээлде текшерүүдөн өтпөй жатканын кошумчалады.

90
Белгилер:
медицина, адам органдары, трансплантология
Тема боюнча
Аднаева: элдин ден соолугун бизнес катары карабашыбыз керек
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив

Акматова: россиялык врачтар дарылоо протоколун таңуулаган жок

55
(жаңыланган 12:32 14.08.2020)
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Россиядан келген медиктердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Акматова: россиялык врачтар дарылоо протоколун таңуулаган жок

Россиядан келген медиктер коронавирустан башка оорулар боюнча дагы кеп-кеңештерин берип жатышты. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн Россиядан келген ак халатчандар региондорго чейин барып иш алып барышууда.

Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты

"Россиядан бир нече адистиктеги медиктер келишти. Алар Чүй, Талас, Нарын жана башка региондорго барганда "кызыл зоналарга" чейин кирип, бейтаптарды дарылоого көмөктөштү. Ошондой эле "таза зонадагы" бейтаптарды дарылоо боюнча дагы өз сунуштарын беришти. Мындан тышкары, дарылоону уюштуруу, ыкмаларды колдонуу жана башка жагдайлар менен таанышып, кеп-кеңештерин айтышты. Албетте, дарылоону өзүбүздүн дарыгерлер жүргүзүштү, бирок россиялык медиктер дагы четте карап турган жок. Айрым учурларда "россиялык врачтар өз протоколдорун таңуулап жатат" деген кептер айтылган. Андай болгон жок. Аларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган брифингде дарылоо протоколун колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилген. Ошонун негизинде иш алып барылды", — деди Акматова.

Ошондой эле ал Россиядан келген медиктер кыргызстандык кесиптештеринин иши, элдин биримдиги тууралуу жакшы пикирлерин айтканын кошумчалады.

55
Белгилер:
аймактар, Россия, коронавирус, Айнура Акматова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив

Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

15
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен азайып-көбөйүп турарын билдирди.
Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

Суу аз келген мезгилге туш келип калдык. Ага карабастан өлкөнүн электр энергияга болгон муктаждыгын камсыздоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Мындан улам быйыл жарык өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Таалайбек Бектенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суунун аз же көп болушу негизинен күндүн ысышынан, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычынан чыккан суу трубина аркылуу өтүп, электр энергия чыгарылат. Ал эми авариялык учурдан улам суу кое берилиш керек болуп калса, ага техникалык жактан эле бир жума даярдык көрүлөт. Мындан тышкары, бизде каскаддык режим. Демек, Токтогул ГЭСинен чыккан суу дарыянын агымында жайгашкан Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, андан кийин Үч-Коргон ГЭСтерине барат. Ал жерде УКМК, Суу департаменти жана башка мекемелер тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Мындан улам суу сатуу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Мындай кептер байма-бай айтылып калат. Аны ГЭСтин ишин, энергетика тармагын түшүнбөгөн адамдар таратышы мүмкүн. ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен көбөйүп же азайып турат. Бул электр энергиясын колдонуу режимине жараша болот. Башкача айтканда, эртең менен жана кечке маал электр энергиясы көбүрөөк колдонулат. Бул үчүн көбүрөөк көлөмдө суу берилип, ошого жараша энергия иштелип чыгат. Бул эми кадимки эле физика. Ал эми суунун көлөмү мезгил-мезгили менен азайып-көбөйүшү күндүн ысышына, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды. Муну көп жылдан бери эсептеп, анализдеп жүрөбүз. Быйыл суу аз келген убакыт болуп жатат. Ага карабастан өлкөдө жарык өчүрүлбөйт. Электр энергияга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн бардык даярдыктар жүрүп жатат", — деди Бектенов.

Жетекчи суу сактагычтын өзүндө видеобайкоо онлайн режимде иш алып барарын белгилеп, бардык каалоочулар көзөмөл жүргүзсө боло турганын кошумчалады.

15
Белгилер:
даярдык, ГЭС, электр энергиясы
Тема боюнча
Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды
Бал. Архивдик сүрөт

Ченемин билгиле. Диетолог балдын зыян жактарын айтып берди

0
(жаңыланган 08:31 15.08.2020)
Биохимиялык индекс боюнча, бал кумшекерге тете болгондуктан айрым оорулууларга такыр жегенге болбойт. Кээ бирлери чеги менен колдонушу шарт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Балды ченемден тыш колдонуу бир катар көйгөйгө алып келерин "Известия" дарыгер-диетолог, эксперт Дарья Русаковага шилтеме берип жазды. 

Адистин айтымында, кант диабети менен жабыркаган адамдар балдан таптакыр баш тартканы оң. Анткени таттуу азык кандагы глюкозаны көтөрөт. Ошондой эле балда углевод көп болгондуктан ден соолугу чың адамдар дагы ченеп жеши керек.

"Бир күндө 1-2 кашык колдонсо болот. Бирок күндүз жегенге аракет кылгыла, углеводдорду коротконго жардам берет. Биохимиялык индекс боюнча, бал кумшекерге тете болуп калат. Ошондуктан балды көп жеген ашыкча салмакка алып келет", — деген диетолог.

Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты

Ал кошумчалагандай, балды дайыма колдонгудай анда пайдалуу делген микроэлементтер, витаминдер жана заттар аз.

Ошондой эле тамак-аш адиси балдын жаңысын дүкөндөрдөн алууну сунуштаган. Себеби колдон-колго өтүп сатылгандар анын каякта чогултулуп сакталганына жана алып келингенине жооптуу эмес.

0
Белгилер:
салмак, бал, азык, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди