Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташматов: туристтик милиция жайкы сезонго даяр

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин туристтик милиция бөлүмүнүн жетекчиси Борборбек Ташматов. Архив
ИИМдин туристтик милиция бөлүмүнүн жетекчиси Борборбек Ташматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин туристтик милиция бөлүмүнүн жетекчиси Борборбек Ташматов туристтик инспекторлор көбүнесе борбор калаада иш алып барарын айтты.
Ташматов: туристтик милиция жайкы сезонго даяр

Өлкөнүн жети облусуна келген туристтер борбор калааны транзит катары колдонгондуктан, туристтик милиция Бишкек шаарында аэропорттон баштап, шаар көчөлөрүнө чейин чыгып иштейт. Бул тууралуу Борборбек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган түзүм туристтерге жеке коштоочулук кызматын көрсөтүүгө да даяр.

"Туристтик милиция быйылкы жайкы сезонго толугу менен даяр. Учурда Бишкек шаарында иштеп жатабыз. Ал эми туристтер эң көп келген Ысык-Көл облусунда өзүнчө бөлүм түзүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, жети облуска келген туристтерди да тейлейбиз. Аларга жеринен ИИМдин чет тилдерин билген инспекторлору кызмат көрсөтөт. Ал эми биздин түзүм борбор калаада аэропорттон туристтерди тосуп алып, шаар ичинде кызмат көрсөтүүгө багытталган. Азырынча келген туристтерден көбүнесе дарек сураган кайрылуулар катталып жатат. Биз туристтерге өлкөнү жакшы жагынан таанытуу үчүн бардык тараптан жардам берүүгө даярбыз. Ошону менен катар эле, эгер чет элдик жаран өзү кааласа, жеке коштоп жүрүү кызматын көрсөтүү да каралган", — деди Ташматов.

Ал аталган түзүмдүн инспекторлорунун жарымы кыз-келиндерден турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0