Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: пансионаттардан чыккан саркынды суу Ысык-Көлгө куйбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев аймакта тазалык маселеси колго алынып, текшерүү жана көзөмөлдөө иштери жүрүп жаткандыгын айтты.
Иманалиев: пансионаттардан чыккан саркынды суу Ысык-Көлгө куйбайт

Ысык-Көлдө туристтердин санын арттырыш үчүн жаратылыштын тазалыгы чоң мааниге ээ. Мындан улам бизнестен мурун экологиялык маселелер приоритетте турат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы төрт жыл аралыгында район аймагы боюнча 20дан ашуун саркынды суу тазалоочу жай курулду.

"Буга чейин Ысык-Көлдө пансионаттардан түтүктөр чыгып, саркынды суу көлгө куюлуп жатат деген маалыматтар тарап кеткен. Бул чындыкка дал келбеген доомат. Анткени учурда тазалык маселесине биз олуттуу маани беребиз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Экотехинспекция, жаратылышты коргоо агенттиги жана санэпидемстанция биргеликте иш алып барып, эс алуучу жайларды текшерүү менен бирге түшүндүрүү иштерин да жүргүзөт. Мындан улам табиятка залалы тие турчу көрүнүштөргө жол берилбейт. Бизнес жаратылышка терс таасирин тийгизбеш керек. Ошол себептен экологиялык маселелер приоритет катары каралат. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы туристтердин агымын арттырарын жергиликтүү калк да түшүнүп калды. Бүгүнкү күндө орчундуу маселе — бул таштанды. Анткени жайкы эс алуу мезгилинин келиши менен туристтердин саны да арбып, аны менен бирге таштандынын көлөмү да көп болуп жатат. Аны тазалоого жергиликтүү муниципалитеттин алы жетпей калууда. Мындан улам Ысык-Көлгө келе турчу эс алуучуларды тазалыкты сактоого чакырат элем", — деди аким.

Ошондой эле ал район аймагындагы эс алуучу жайлардан ар жылы бюджетке салык түрүндө 200 миллион сомдун тегерегинде каражат түшүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0