Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанжигит уулу: жаш көрүүчүлөр театры Уфа жана Казанга сапарга чыгууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу аталган театрдын чыгармачыл тобу 27-майда Башкыртстан Республикасына жөнөй турганын айтты.
Жанжигит уулу: жаш көрүүчүлөр театры Уфа жана Казанга сапарга чыгууда

23-30-май күндөрү Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтчү түрк тилдүү театрлардын эл аралык "Туганлык-2019" фестивалына Кыргызстандын атынан Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жамааты катышат. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган фестивалда чыгармачыл топ түрк драматургу Түнжер оглынын "Көчкү" чыгармасын тартууламакчы.

"Буга чейин бул фестивалга өзүбүздүн жамаат менен кеңешип видеоматериалдарды жибергенбиз. Кийинчерээк алар жактырып, биздин спектаклди кабыл алгандыгын айтышты. Биз Уфа шаарында өтчү фестивалга түрк драматургунун "Көчкү" чыгармасынын негизинде сахналаштырылган спектакль менен 27-майда 15 киши жолго чыгып, 29-май күнү саат 19:00дө оюнду тартуулайбыз. Спектаклдин режиссеру биздин театрдын көркөм жетекчиси Элвира Ибрагимова", — деди Жанжигит уулу.

Ал ушул эле чыгармачыл топ 31-майда Татарстанга сапар алып, 1-7-июнь күндөрү Казань шаарында өтчү түрк элдеринин эл аралык "Нооруз" театр фестивалына катыша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0