Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбаев: айрым мигранттар чет жерден ВИЧ инфекциясын жуктуруп келүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор общественного фонда "Улукман дарыгер" Улан Турсунбаев
Директор общественного фонда Улукман дарыгер Улан Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Улукман Дарыгер" коомдук фондусунун директору Улан Турсунбаев көпчүлүк жаштар ВИЧ илдетин жуктуруп ала турганын ойлобойт дейт.
Турсунбаев: айрым мигранттар чет жерден ВИЧ инфекциясын жуктуруп келүүдө

Айрым мигранттар чет жерден ВИЧ инфекциясын жуктуруп келүүдө. Бул тууралуу Улан Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштарга ВИЧ оорусунан коргонгонду үйрөтүү абзел.

"Биздин коомдун жаштары ВИЧ инфекциясын жуктуруп алабыз деп ойлобойт. Көпчүлүк улан-кыздардын бул илдет тууралуу маалыматы да жок. Бүгүнкү күндө миграция күч алган заманда айрым мигранттар иштеп келген өлкөсүнөн аталган дартты жуктуруп келип жатат. Ошондуктан тез арада маалыматтарды кеңири жайылтып, жаштарды ВИЧтен коргонгонду үйрөтүү керек", — деди Турсунбаев.

Ал мигранттар үчүн атайын ВИЧ тууралуу тушүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0